14:32
USD 69.83
EUR 79.74
RUB 1.06

Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш иши козголду

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жеке булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, мурунку биринчи вице-премьерге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып тагылууда.

Буга чейин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине тагылган Аскарбек Шадиев Тажикстандын чек арасынан өтүп, Худжанттан Москвага учуп кеткени аныкталды.

Эске салсак, Аскарбек Шадиев эки айга сыртынан камакка алынган. Учурда ал издөөдө жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар