12:10
USD 69.83
EUR 79.82
RUB 1.06

Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн эрте токтотулду

Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн эрте токтотулду. Чечимди бүгүн БШК кабыл алды. 

Боршайкомдун маалыматына караганда, Аскарбек Шадиев «Бир Бол»  фракциясынын курамынан өз эрки менен чыгарылды. Арызынын көчүрмөсү тирелип турат. 

24.kg агенттигине БШК билдиргендей, арыз 24-октябрда эле фракциянын катчылыгына жиберилген. Депутаттык мандатка тизмеде орун алган Эрмамат Тагаев ээ болот. 

Аскарбек Шадиевге карата 3 кылмыш иши козголгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар