12:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Шадиевдин иши. Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы Арсен Закиров 6 жылга кесилди

Биринчи Май райондук соту мурунку депутат Аскарбек Шадиевдин кылмыш ишин карады. Прокурор соттун жүрүшүндө мурунку депутатты 11 жыл эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранды.

Ал эми жактоочу Аскарбек Шадиев Арсен Закировдун иши боюнча күбө катары гана өткөнүн, мындан улам чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө эч кандай себеп болбогондугун айтты.

Жактоочу анын кылмыштын курамында болбогондугу үчүн актоону суранды.

Ошондой бүгүн Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы Арсен Закировго каршы өкүм чыгып, ал алты жылга соттолду.

Белгилей кетсек, Аскарбек Шадиевге ЖКнын эл аралык комитетин жетектөө учурунда Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөө үчүн бюджеттен бөлүнгөн 30 миң доллар акчаны кымырып алган айыбы менен иш козголгон. Бул боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин башчысы Арсен Закиров кармалган. Аскарбек Шадиев Баткен аркылуу чек араны кесип өтүп, Москва-Нью-Йорк каттамы менен учуп кеткени маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби