17:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аскарбек Шадиевдин ордуна келген жаңы депутат ант берди

Жогорку Кеӊеште «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Эрмамат Султанович Тагаев ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Эске салсак, ал өлкөдөн качып кеткен Аскарбек Шадиевдин ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрага Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Эрмамат Тагаевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эң көп окулган жаңылыктар