13:51
USD 69.83
EUR 79.74
RUB 1.06

Депутат Аскарбек Шадиевге карата козголгон кылымыш иши сотко өттү

Депутат Аскарбек Шадиевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу тууралуу кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук соту соттолуучунун катышуусу жок эле кылмыш ишти карап чыгат.

Аскарбек Шадиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин башчысы болуп турганда, 30 миң доллар кайда кеткендиги тууралуу туура эмес маалымат берген.

Эң көп окулган жаңылыктар