18:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москва муфтийи өрттөн кишилерди куткарган тажикстандыкка медаль тапшырды

Москва муфтийи Альбир Хазрат Крганов 25-мартта «Зимняя вишня» соода үйүндөгү өрттөн ондогон адамдарды куткарган Фарзон Салимовго Орусия Мусулмандар дин башкармалыгынын медалын тапшырды.

«Зимняя вишня» соода үйүндө чыккан өрттөн 64 киши өлгөн, алардын басымдуу бөлүгү балдар болгон.

Фарзон Салимов 2003-жылдан бери Орусияда. Ал ошол жакта окуп, орус жарандыгын алган. Учурда үй-бүлөсү менен Кемерово шаарында жашайт, үч баласы бар. «Зимняя вишня» соода борборунун бут кийим саткан дүкөнүндө иштеген Фарзон Салимов трагедия учурунда шериктери менен ондогон кишилерди куткарган.

Тажик тектүү Фарзон Салимов буга чейин Тергөө комитетинин медалы менен дагы сыйланган. Комитет башчысы Александр Бастрыкин аскердик медаль чыныгы эрдик жасаган кишилерге ыйгарыларын белгилеген.

Кемерово шаарында жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборундагы өрт маалында кийим-кече саткан дүкөндө иштеген беш тажикстандык жалпысынан 50дөн ашык кишини куткарып калган.

Эң көп окулган жаңылыктар