13:18
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кубанычбек Кулматов камакта калды

Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы мурунку мэр Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. 

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту Кубанчбек Кулматовду 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу боюнча чечим чыгарган болчу.

Жактоочу Сергей Слесаревдин айтымында, Биринчи Май райондук соту экс-мэрди камакка алуу тууралуу чечимди жүйөсүз кабыл алган.

Мыйзамда эгер оор кылмыш боюнча жаңы айып тагылган учурда гана баш коргоо чарасы күчөтүлүшү мүмкүн деп даана айтылган. Биринчи инстанциянын протоколунда Кубанычбек Кулматовго карата жаңы айыптар тагылды беле деген суроого, тергөөчү жок деп жооп берген

Сергей Слесарев

Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар