Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары каттоодон чыгуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу жеке булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын бул маселе боюнча жыйыны өтөт.
Эске сала кетсек, ИИМ Айдарбековго карата Тышкы иштер министри болуп иштеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон.
Чыңгыз Айдарбеков мурда өзүнүн шайланышына байланыштуу кысым, коркутуулар жана жагдайлар тууралуу кеңири билдирүү жасаган. Ал мурда Кыргызстандын Тышкы иштер министри болуп иштеген жана мурунку парламенттин депутаты болгон.
Ал 2025-жылдын ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо көп мандаттуу № 21 шайлоо округунан ат салышкан.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, ал 6 миң 259 добуш алган.
Чыңгыз Айдарбеков 2026-жылдын 10-мартында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен депутат Куванычбек Конгантиев бош калтырган орунга ат салышып жаткан.

