11:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Экинчи Бурулай. Бишкекте жаш кызды ала качып зордуктап салышкан

Бишкекте 18 жаштагы кызды ала качып, артынан туугандары кууп баргыча зордуктап салышкан. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун директору Азиза Абдурасулова билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу кыздын үй-бүлөсү иштеп акча табуу максатында шаардагы батирлердин бирине көчүп келишкен. 10-июнда батирдин кожойкеси кызды алдап сыртка чыгарып, ала качууга камынгандардын унаасына салып берген. Жабырлануучунун туугандары менен милиция ала качкандардын дарегин тапкычакты бир күн өтүп кеткен.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, кыздын күч колдонуп зордукталып калганы аныкталды.

Учурда 18 жаштагы кыз ооруканада жатат. Ал эми 23 жаштагы шектүү №1 тергөө абагына 2 айга камалды. 

Эң көп окулган жаңылыктар