09:51
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ак элечек Түркияда. Стамбулдагы кыргыздар улуттук кийимдин флешмобун өткөрүштү

Стамбулда кыргыз улуттук кийимдеринин «Улутуңду даңкта! Сыймыктан!» аттуу флешмобу өттү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине уюштуруучулардын бири Салтанат Салмоорбек кызы билдирди.

Стамбулда жашаган кыргыз кыздары улуттук кийимдерди кийишип, бир күн шаардын көчөлөрүн кыдырышты.

Салтанат Салмоорбек кызынын айтымында, акция улуттук кийимдерди көрсөтүүгө жана Түркиядагы мекендештерди биримдикке чакырууга багытталган.

«Бизди Султан Ахметтин мечитинин алдында дүйнөдөн келген туристтер сүрөткө, видеого тартышты. Ар кайсы тилде сурап, кызыгып жатышты. Улуттук кийимдерибиз көп эле жерге таркады десем жаңылышпайм» — дейт ал.

Элечек менен чыптаманы Түркиядагы «Датка айым» коомдук бирикмеси атайын тиктирип берген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби