08:55
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түркиянын Ван аймагында 33 киши кар көчкү астында калды

Түркиянын Ван облусунда кар көчкүдөн каза тапкандардын саны 33 кишиге жетти. Бул тууралуу ТРТ билдирди.

Маалыматка караганда, Бахчесарай районунда кечээ кечинде кар көчкүнүн астында калган микро автобустагы эки кишини издөө иштерин жүргүзгөн куткаруучу топтун үстүнө дагы кар көчкү түштү.

30дан ашуун адам куткарылып, 33 адамдын жансыз денеси табылды.

Ван губернатору Мехмет Эмин Билмез, кар көчкүнүн астында калгандыгы божомолдонгон 10-15 кишини куткаруу иштеринин уланып жаткандыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар