07:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Түркиядагы кырсык. Учактан өрт чыккан учурдагы видео жарыяланды

Түркиянын Стамбул шаарындагы Сабихи Гёкчен атындагы аэропорттунан кырсыкка кабылган учактын видеосун «DHA» басылмасы жарыялады.

Маалыматка карганга, «Boeing 737-800» учагы Измирден Стамбулга учуп барган. Жүргүнчүлөрдү ташыган учак жерге конгондон кийин учуп-конуу тилкесинен чыгып, 3 бөлүккө бөлүнүп, өрт тутанат.

Эскерте кетсек, учактын ичинде 177 жүргүнчү менен экипаждын 6 мүчөсү болгон. Кырсыкта 3 киши көз жумду. Шаардын мэри Экрем Имамоглунун билдирүүсү боюнча, учак туруксуз аба ырайынан улам жерге катуу урунган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырсыктан эки кыргыз жараны: К.Н. менен И.А. жабыркаганын маалымдашты.

Эң көп окулган жаңылыктар