23:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Түркия кыргызстандык кыз-келиндерди депортациялады

Түркия кыргызстандык кыз-келиндерди депортациялады. Бул тууралуу «Азаттык» сайты түрк басылмаларына шилтеме берип жазды.

Анда 14-октябрда Түркиянын Артвин аймагында полиция кызматкерлери атайын операция жүргүзүп 10 өзбекстандык, 7 кыргызстандык жана 7 орусиялык кыз-келиндерди кармашканы, жалпысынан 33 чет өлкөлүк жаран Түркиядан депортацияланганы жазылган.

Түркиянын Артвин аймагы Грузия менен чектешет. Артвин аймактык саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча 2018-жылы 261 чет өлкөлүк кыз-келин «сойкулук» беренеси боюнча медициналык текшерүүдөн өтүп, өлкөлөрүнө депортацияланган.

Расмий маалымат боюнча Түркияда учурда бир миллиондон ашык чет өлкөлүк жашайт. Алардын 86 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштейт. Анткен менен Түркияда мыйзамсыз иштеген кыргызстандыктардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Ал эми 2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган.

Негизинен мигрант кыз-келиндер бала багуучу, улгайган кишилерди карап баккан камкорчу жана үй кызматтарында иштешет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар