23:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Түркиядагы мигранттар. «Амасса» компаниясынын иши токтотулду

Түркиянын Мармарис шаарында ишсиз калган кыргыз жарандарын «Marti Resort Hotel» мейманканасына жөнөткөн «Амасса» компаниясынын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Миграция кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, компаниянын лицензиясы токтотулуп, аны жокко чыгаруу үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, «Marti Resort Hotel» мейманканасынын администрация 20га жакын кыргыз жаранын айлыгын бербей, жатаканадан чыгарып койгон. Кыргызстандан барган кызматчылар алардын эмгек келишими бузулуп, иш убактысы 15 саатка узартылганына нараазычылык билдиришкен.

Аларды Түркияга жумушка «Амасса» иш менен камсыздоо жеке агентствосу жөнөткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар