07:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Диаспора менен жолугушуу. Түркиядагы кыргыздардын Сооронбай Жээнбековго өтүнүчү

Түркиядагы мекендештер президент Сооронбай Жээнбековдон Бишкекте ТИМдин алдында 24 саат бою иштеген Маалымат борбор уюштурууну суранышты. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбекодун Түркияга болгон расмий сапарында диаспора өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтылганын «Кыргызстан-Түркия» достук коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул билдирет.

Анын айтымында, маалымат борбор чет өлкөдө оор кырдаалга кабылган мекендештерге көмөк болмок.

Консулдардын санын көбөйтүү менен бул маселени чечсе болот. Бирок чет өлкөдө бир консулдук кызматкердин каржылоосуна кеткен чыгымга Бишкекте 8-10 кишини иштетүүгө мүмкүн. Маалымат борборуна 12-15 кишини отургузуп чет өлкөдөгү баардык жарандарга консулдук консультация берүүгө мүмкүн болсо керек деген ойдобуз.

Айбек Сарыгул

Андан тышкары, консулдук каттого жана консулдук кызматтар алууда Өкмөттүн 2011-жылы кабыл алынган №699 токтомуна өзгөртүү жокко чыгаруу өтүнүчү айтылды. Ага ылайык азыр жарандар чет өлкөдө расмий калып жатканын тастыктоого аргасыз болушууда. 

«Анткени өтө көп жарандарыбыз Туркияда расмий жашап жатканын жеткиликтүү жана убагында тастыктоо үчүн расмий кагаздарды тапшыра албай, консулдуктун кызматтарын толук пайдалана албай калууда» -деп түшүндүрөт Айбек Сарыгул.

Жолугушууда Түркиядагы университеттердин дипломдорун Кыргызстанда тануу маселеси дагы көтөрүлдү. Түркиянын жогорку окуу жайын аяктагандар мекениненде мамлекеттик мекемелерге кызматка тура албай жатышат.

«Мекен Карт» системасынын тез арада ишке киргизүү суралды.

Эскерте кетсек, бул система «Мекендештер кеңеши» тарабынын сунушталып, өкмөттүн өнүгүү стратегиясына киргизилген.  Анда башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештердин кыргыз жарандык укуктарынын «убактылуу тоңдуруу» каралат.

Мигранттардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында чет өлкөгө жумушка жөнөткөн фирмалардын тизмесин түзүү зарылдыгы белгиленди. Чет жакта иштеген кыргызстандыктар алдамчы фирмалар аркылуу орто жолдо ишсиз калгандар көп экендиги айтылды. Аны менен бирге Түркияга дарыланууга келген жарандарды жөнөтүүдө Саламаттыкты сактоо министрлигинен толук маалымат берүүсүн белгилешти.

«Көп учурларда жарандар толук маалыматы жок же жетишсиз акча менен келишет. Мындай учурларда бейтаптардын көйгөйү бул жактагы кыргыз коомчулугу менен элчилик жана консулдуктун дагы көйгөйүнө айланууда» — дейт Айбек Сарыгул.

Жаш балдардын чет элдик паспортунун мөөнөтүн үч жылдан беш жылга узартуу, Түркияны Анталия шаарында убактылуу консулдук түйүн ачуу өтүнүчү дагы айтылды.

Миграция кызматынын маалыматында, Түркияда 30 миңдей кыргызстандык окуп, иштеп жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар