13:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Түркияда кыргызстандык Гүлен кыймылына катышы бар деп кармалды

Түркияда кыргызстандык Гүлен кыймылына катышы бар деп кармалды. Бул тууралуу «Азаттык» Түркиянын «Ihlas» маалымат агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Самсун шаарында издөөдө жүргөн кыргызстандык Д.З. аттуу жаран Стамбул шаарында кармалган. Ал Гүлен кыймылына (ФЕТО) катышы бар деп колго түштү.

Шектүү Самсундун ички иштер башкармалыгынын аткезчиликке жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмү тарабынан суракка алынып, Самсун прокуратурасына өткөрүлгөнү маалым болду.

Фетхулла Гүленди расмий Анкара 2016-жылдагы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды болбогон сөз катары четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби