03:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сапар Исаков түштөн кайра УКМКга суракка келет

Мурдагы өкмөт башчы түштөн кийин дагы суракка келет. Бул тууралуу журналисттерге өзү билдирди.

«14.30да кайрада УКМКга келем. Мен депутаттык комиссиянын корутундусу калыс болот деп ойлогом. Бирок андай болгон жок», — деди Сапар Исаков.

Эскерте кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн эртең менен кайрадан УКМКга суракка келген. Маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат берип жатып, ал саясий куугунтук жүрүп жатканын жана адилеттик сакталышы керек экенин баса белгилеген.

Сапар Исаков алгачкы жолу 26-апрелде Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылып, сурак берген.

Аталган маселе боюнча энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар