10:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жактоочу: Сот УКМКнын чектөө аракеттерин мыйзамсыз деп тапты

Сот УКМКнын иштин материалдары менен таанышуу үчүн чектөө аракеттерин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Айтымында, ал УКМКнын графигине даттанган. УКМК жактоочуларга материал менен таанышуу үчүн график түзүп койгон.

«Иште 53 том бар, биз 8-январда таанышып баштадык. Бүгүн 25-январь, мөөнөт акырына чыгып баратат. Бул убакыт аралыгында иштин материалы боюнча сапаттуу даярданууга мүмкүн эмес. Мындан улам сотко кайрылууга туура келди. Сот менин айткандарым менен макул болду», -деди жактоочу.

Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтү 13-февралга чейин узартылган.

Эске салсак, экс-премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча жемкорлук айыбы менен камалган.

Эң көп окулган жаңылыктар