12:05
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Исаков аны кайра-кайра суракка алууну саясий куугунтук катары сыпаттады

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кайрадан УКМКга суракка келди. Маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат берип жатып, ал саясий куугунтук жүрүп жатканын жана адилеттик сакталышы керек экенин баса белгиледи.

«Бул иштин аягы эмнеге алып барат, мен билем. Бир нерсени айтып коюшум керек. Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза, коррупциясыз иштеди. Ал топтун ичинде азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков дагы бар болчу. Андыктан Алмаз Шаршенович туура иш алып барганын ал дагы билет. Мунун арты жакшылыкка алып келбейт жана тергөө иштери саясаттан тышкары болушу керек», — деди Исаков.

Тергөөнү укук коргоо органдары жүргүзүүсү керек экенин айткан Исаков, Жогорку Кеңеш депутаттарын өз милдеттерин так аткарууга чакырды.

«Тергөө иштери жүрүп, айыптууларды сот аныктасын. Бул жерде айрым фамилиялар айтылып, айрымдары айтылган жок. Эгер депутаттар адилеттүүлүк тууралуу сөз кыла турган болсо, бардык фамилияны аташсын. Авария жаңы курулган эмес, эски ЖЭБде болду. Жаңы ЖЭБ иштеп жатат. Жаңы ЖЭБди курууда канча каражат кеткени тууралуу эл аралык аудит жүргүзүү керек. Экс-премьер туура айтты. 1 кВт.с курууга канча каражат кетет, ошону эсептешсин. Эл өзү таразалайт, жөн эле аттишке жабыша бергендин кереги жок», -деди ал.

Эскерте кетсек,  Сапар Исаков алгачкы жолу 26-апрелде Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылып, сурак берген.

Аталган маселе боюнча энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар