13:41
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Сапар Исаковдун туугандарына ооруканадан зыярат кылууга уруксаат берилди

Соттун чечими менен мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун туугандарына ооруканадан зыярат кылууга уруксаат берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Сапар Исаковдун жакындары билдиришти.

Бирок, соттун чечими кечээ аткарылган эмес. Анткени УКМК аны менен көрүшүүгө келгендерди киргизген эмес.

Бүгүн УКМК уруксаат бергени, бирок убакытты чектеп 3 саатка гана жолугушуу боло турганы маалым болду.

Сапар Исаковду зыярат кылууга анын жубайы Малика Арстанбековага уруксаат беришти.

Эске салсак, 16-августта Сапар Исаковду Улуттук госпиталга жаткырышкан. Ага ЖЭБти модернизациялоо иши боюнча айып тагылып, буга чейин УКМКнын абагында кармалып жаткан.

Эң көп окулган жаңылыктар