17:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

УКМК: Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча Сапар Исаковго айып тагылды

Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча мурунку премьер министр Сапар Исаковго айып тагылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын 31-декабрында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Сапар Исаковго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып тагылды. 

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2016-жылы КР өкмөтү Түркия Республикасынын премьер-министринин Аппараты алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия башкармалыгы (ТИКА) менен мамлекеттик тарых музейин толук реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлганы аныкталды. Келишим боюнча Түркия үч жылдын ичинде 15 миллион доллар эсебинде гранттык каражат бөлүп бермек. Бирок, музейди реконструкциялоодо Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жумушту 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтсүн деген негизсиз талаптарынан улам, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тарткан», -деп айтылат маалыматта.

Натыйжада музейди калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 520 миллион 309 миң сом өлчөмүндө кошумча каражат сарпталган.

Аталган сумманын 4 миллиону музейдин тегерек-четин, фасаддык бөлүгүн оңдоого, көрктөндүрүүгө кеткен.

2017-жылы Сапар Исаков жеке адамдар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп, КР мыйзамдарын бузуп, өлкө кызыкчылыктарына каршы мамлекеттик сатып алуунун процедурасын өткөрбөстөн, музейге жаңы экспозиция жасатууга Германиялык компанияны катыштырган.

Натыйжада, белгиленген компания КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекиткен музейдин концепциясына туура келбеген экспонаттарды жана жабдыктарды, атап айтканда, кафетерийге кымбат баадагы жабдуулар, эки ак аттын макетин, 59 дарактан турган инсталляцияга жана анын жыгач койгучтарына баардыгы болуп 55 миллион 593 миң 772 сом жумшалган.

Немец компаниясы тарабынан алынып келинген керектелүүчү материалдардын (клей, кагаз скотч, силикон түтүкчөсү,кол каптар, балка, бургу,таштанды кабы ж.б.) баасы Кыргызстандагы ички базардагы баасынан айырмасы 3 миллион 785 миң 600 сомду түзгөн.

«Мындан тышкары, немец компаниясы менен улуттук валютада эмес евро курсу менен түзүлгөн мыйзамсыз келишимдин айырмасы 42 миллион 311 миң 428 сомду түзгөн. Натыйжада Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жасаган кылмыш иштери мамлекетке 101 миллион 690 миң 800 сом өлчөмүндө зыян келтирилген», -деп билдиришти УКМКдан.

Эң көп окулган жаңылыктар