16:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сапар Исаков дарыгерлердин көзөмөлүндө, ал соттук отурумга катыша албайт

Биринчи Май райондук сотундагы ЖЭБ тууралуу иш боюнча процессти мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочуларынын өтүнүчү менен токтотуп коюшту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Сапар Исаковдун ден соолугунун абалы өтө жакшы эмес. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө турат, мындан улам соттук отурумга катыша албайт.

Эске салсак, Сапар Исаков ооруканага 16-августта клип түшкөн, ага «омуртка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар