16:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Исаковдун жактоочусу Асылбек Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну талап кылды

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов мурунку төрага Асылбек Жээнбеков жана буга чейин ТВЕА менен макулдашууну ратификациялаган Жогорку Кеңештин депутаттарын жоопкерчиликке тартууну талап кылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу билдирди.

Айтымында, тиешелүү даттануу жиберилди. Юрист Сапар Исаковдун кылмыштын курамында жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотууну суранды.

«Эгерде тергөөчү мени алдабаса , менин даттануум бүгүн каралат», -деди ал.

Эске салсак, Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтү 13-февралга чейин узартылган.

Сапар Исаков 2017-жылдын августь-апрель айында өкмөттү башкарган. Ага ЖЭБти модернизациялоо иши боюнча айып тагылып, учурда УКМКнын абагында.

 


Эң көп окулган жаңылыктар