17:57
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Москвада жарандык аялын зордуктаган айыбы менен кыргыз мигранты кармалды

Орусияда жарандык аялын сабап, ага сесуалдык зомбулук көрсөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстан жараны, 1887-жылы туулган Ош облусунун тургуну кайрылып, жарандык жолдошу бир нече жолу кол көтөрүп, кордук көрсөткөнүн билдирген.

Арызында, бир нече күн мурун ижарага алып жашаган батиринен жарандык күйөөсү зордуктаганы жазылган. Жабырлануучу күйөөсү тарабынан жасалган зордук-зомбулуктан тажагандыгын билдирип, ага карата тиешелүү чараларды көрүүнү суранган.

Жогорудагы факты боюнча 23-апрель күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, 1983-жылкы Ош облусунун Кара-Суу районунун Ж.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар