16:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Пара менен кармалган прокурор инсульт болду

Дарыгерлер 200 миң доллар пара менен кармалган Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевдин инсульт болгонун аныкташты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурор кармалгандан кийин кан басымы төмөндөп кеткен.

«Келген тез жардам кызматынын дарыгерлери инсультка кабылганын аныкташты. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринин неврология бөлүмүнө жаткырылды», — деп маалымдашты алар.

Аталган маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен дагы тастыкташты.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 16-апрелде 200 миң доллар пара алып жаткан жерден кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар