15:53
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Жетим балдарды мурастан ажыраткан мамлекеттик нотариуска кылмыш иши козголду

Жетим балдарды мурастан ажыраткан мамлекеттик нотариуска карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар жөнүндө мыйзамдын талаптарынын сакталышы боюнча Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына текшерүү жүргүзүлдү.

Белгилүү болгондой, 2021-жылы А.Э. аттуу жаран каза болгондон кийин анын жашы жете элек тогуз баласына кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү мурастоо жөнүндө күбөлүктөрү берилип, бирдей бөлүштүрүлгөн.

«Бирок жетим балдардын камкорчусу Ж.Н. мураска калтырылган мүлктү ыктыярдуу бөлүштүрүү жөнүндө алдын ала пайдасыз макулдашуу түзүп, ага ылайык үч жашы жете элек бала мураска болгон укугунан толугу менен ажыратылган. Аталган макулдашуу нотариус тарабынан аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын макулдугу алынбастан катталып, жетим балдардын мураска болгон укуктары бузулган», — деп айтылат маалыматта.

«Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар