17:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ноокенде Токой фондунун жери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен

Токой фондунун жерин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ноокен филиалында текшерүү жүргүзүлгөн.

«Жер ресурстары кызматынын Ноокен филиалынын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында Тоскоол-Ата токой чарбасына караштуу Мамлекеттик токой фондунун 0,15 гектарын К.К. аттуу жаранга жеке менчикке өткөрүшүп, ага менчик укугу тууралуу мамлекеттик актысын даярдап беришкендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада мамлекетке 2 миллион 63 миң 35 сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иши Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар