14:24
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Бишкек башкы архитектуранын кызматкерлери жерди майзамсыз берүүгө айыпталууда

Бишкек шаарынын прокуратурасы жер жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, «Бишкекбашкыархитектуранын» жооптуу кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында «Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө» убактылуу жобонун талаптарын одоно түрдө бузуп, расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизишкен. Алар көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогунун долбоорун (ҮЖЖУ) мыйзамсыз даярдап беришкен.

Натыйжада, базар баасы 49 миллион 980 миң 536 сомду түзгөн 1247,86 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп, муниципалдык менчикке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар