22:14
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Прокуратуранын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жерден кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Улан Чалбаевди 16-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал жарандан 500 миң доллар пара талап кылган.

Кармалгандан кийин Улан Чалбаев өзүн жаман сезип, ага тез жардам унаасын чакырышкан. Аталган маалыматты тез жардам кызматы дагы тастыктап, аларга билдирүү саат 16.56 чамасында келип түшкөнүн билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума