23:11
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Прокуратура төрт айлык ымыркайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарындагы Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда төрт айлык ымыркайдын өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде С.Н. багып алган төрт айлык ымыркай кыздын өздүгүн аныктоочу документин алуу үчүн Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылган. Башкармалыктын кызматкерлери ымыркайдын өздүгүн аныктоочу документи жок болгондугуна байланыштуу 102 кызматына кабар беришкен.

«Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери социалдык кызматкерлер менен бирге баланын бакубат абалына, жаш курагына, жаңы төрөлгөн баланы өзгөчө кароо зарылдыгы сыяктуу ачык факторлорго карабастан, ошондой эле бала төрт айдан бери белгилүү бир адамдын камкордугунда болгондугун эске алышпастан, С.Н. аттуу жарандын эркине каршы ымыркайды тартып алышып, реабилитациялоо борборуна тапшырышкан», — деп айтылат маалыматта.

12-апрелде реабилитациялоо борборунун медициналык кызматкерлеринин өздөрүнүн милдеттерине шалаакылык мамилесинен улам ымыркай чарчап калган.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Бишкектин Балдарды реабилитациялоо жана колдоо борборунун жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда кылмыш иш боюнча тергөө амалдары УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар