12:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Далилдерди бурмалаган милиция кызматкерлерине кылмыш иштери козголду

Далилдерди бурмалап, жарандарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеме Бишкек шаарынын ички иштер органдарында текшерүү жүргүзгөн.

«Милиция кызматкерлери уурулук фактылары боюнча жабырлануучулардын аттарынан тосмо арыздарын жана жарашуу келишимдерин жасалмалап түзүшүп, колдорун коюшкан. Ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүн жасалмалоо жолу менен кылмыш иштеринин материалдарына жалган маалыматтарды киргизишип, жарандардын жеке менчикке болгон укуктарын калыбына келтирбей, кылмыш иштерин мыйзамсыз өндүрүштөн кыскартышкан», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата 77 кылмыш иш козголуп, тергөө жүргүзүү Аскер прокуратурасына жана УКМКга тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар