17:34
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

4,1 миллион сомго бааланган сегиз автоунаа мамлекеттин менчигине алынды

4,1 миллион сомго бааланган сегиз автоунаа мамлекеттин менчигине алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун прокуратурасы 2022-2023-жылдар аралыгында күчүнө кирген соттук актылар боюнча текшерүү жүргүздү.

Текшерүүдө сот аткаруучуларынын мыйзамсыз аракеттеринен жана функционалдык милдеттерин мыйзам талабына ылайык аткарышпагандыгынан улам, 2022-жылы сот тарабынан мамлекеттин пайдасына конфискацияланган сегиз автоунаа мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилбей, Салык кызматынын Баткен райондук жана Баткен шаардык башкармалыктарынын карамагында мыйзамсыз кармалып тургандыгы аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 4 миллион 124 миң сомго бааланган сегиз автоунаа Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилип, мамлекеттин менчигине кабыл алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар