16:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Караколдо аскер бөлүктүн командири менен эки кызматкери кармалды

Башкы прокуратура Каракол шаарындагы № 2028 аскер бөлүгүндө иштеген кенже сержант Жылдыз Асанакунованын кайрылуусунан кийин аскер бөлүктүн командири (А.Б.), анын орун басары (Б.К.), прапорщик (К.К. уулу) жана жеке ишкер (Т.Е.) камакка алынганын билдирди.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Жылдыз Асанакунованын билдирүүсүндөгү беш доомат боюнча мыйзам бузуу аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык жасалмачылык», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу» жана «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренелери менен кылмыш иши козголду.

Жылдыз Асанакунова № 2028 аскер бөлүгүндө жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, азык-түлүктүн сапаты тууралуу интернетте 6-февралда айтып чыгып, өлкө жетекчилигине кайрылган. Ал соңку 10 жылдан бери аталган мекемеде фельдшер болуп иштеп келатканын, терс көрүнүштөр жөнүндө аскер бөлүктүн командирине, жогорку кызматтагыларга айтканын, бул үчүн ага да басым болуп жатканын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кенже сержанттын маалыматы тастыкталбаганын билдирген. УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы да жоокерлерге зордук-зомбулук белгилери аныкталбаганын кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар