13:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында мамлекеттин мүлкү мыйзамсыз сатылып кеткен

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында мамлекетке таандык өндүрүш жайы мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордун шаардык прокуратурасы тарабынан менчик жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча «Бишкек» эркин экономикалык аймагында текшерүү жүргүзүлгөн. 1997-жылы мамлекеттик менчикте болгон 428,8 чарчы метр жер менен өндүрүштүк имараттар жеке компанияга 40 жылга ижарага берилген.

2002-жылы сатып алуу-сатуу процедурасы мыйзамсыз өткөрүлүп, жогорудагы өндүрүштүк имараттар жеке менчикке сатылып кеткен. 2021-жылы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалынын кызмат адамдары кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайда көрүү максатында эки жоопкерчилиги чектелген коом ортосундагы 19 жыл мурда мыйзамсыз жасалган сатып алуу-сатуу келишимдерин каттоодон өткөрүшүп, мамлекеттик мүлктү бир ЖЧКнын менчик укугу катары каттап беришкен.

Мамлекетке 13 миллион 850 миң 785 сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын административдик сотуна 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин каттоосун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз келтирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар