09:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Сапат» билим берүү мектеби жабылбайт

«Сапат» билим берүү мектеби жабылбайт. Бул тууралуу бүгүн президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон сапары учурунда түрк президенти Реджеп Тайып Эрдоган Кыргызстанда Феттуллах Гүлендин кыймылына каршы күрөш күчөтөлөрүнө ишеним арткан.

Данияр Сыдыковдун айтымында, «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрү азыр кыргызстандын жарандары экендиги белгилүү.

«Мектептерди эч ким жаппайт. Анын негиздөөчүлөрүнүн катарында Билим берүү жана илим министрлиги дагы бар» — дейт ал.

«Сапат» мектептеринде азыр 11 миң бала окуйт. Түрк тарап «Мариф» мектептерин ачууну сунуштоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума