17:38
USD 87.45
EUR 102.88
RUB 1.17

«Манас аэропорту» унаа жолунда жарыктандыруу системасы жаңыланууда

Учурда «Манас аэропорту» автожолундагы көчөлөрдү жарыктандыруу системасын модернизациялоо боюнча оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаралардын алкагында жарык берүүчү мамылар жолдун ортосуна орнотулууда. Бул келечекте жолдун көрүнүүсүн кыйла жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатат.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы айдоочуларды ылдамдык режимин так сактоого, өтө кунт коюп айдоого жана бул тилкеде жол иштери жүрүп жатканын эске алууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар