16:29
USD 87.45
EUR 102.88
RUB 1.17

Калкты тейлөө борборлору алдыдагы майрам күндөрү да иштейт

Май айындагы эс алуу күндөрүндө калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштейт. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү калкты тейлөө борборлору саат 09:00дөн саат 18:00гө чейин жарандарга кызмат көрсөтөт. Мындай чечим калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган.

Белгилей кетсек, буга чейин Эмгек министрлиги өлкө аймагында 1-майдан 10-майга чейин эс алуу күнү болорун билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар