Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Пухарев дүйнөдөн кайтты. Ал 103 жашта болчу. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Василий Пухарев 1924-жылдын 1-январында Кемеров облусунун Кузедеев районундагы Силен айылында туулган. 1942-жылы аскердик кызматка чакырылып, аткычтар полкунун курсанты катары даярдыктан өткөн, пулеметтук дивизияда кызмат кылган, кийинчерээк зениттик-артиллериялык полкко которулган.
Согуш жылдарында Маньчжуриядагы согуштук аракеттерге жана Япония менен болгон согушка катышып, согуштук машинаны башкарган.
Аскердик кызматын аяктагандан кийин 1950-жылга чейин токойчу, андан соң геология тармагында бургулоо боюнча нөөмөт мастери болуп иштеген. Кийинчерээк Алтай крайындагы жана Усть-Каменогорск облусундагы ишканаларда, анын ичинде Титаномагний заводунда жана Ленин атындагы заводдо эмгектенген.
Өмүр жолунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 60, 65, 70 жана 75 жылдыгына арналган бир катар юбилейлик медалдар менен сыйланган.
Борбор калаанын муниципалитети ардагердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын Жеңишке жана өлкөнүн согуштан кийинки өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 23 ардагери калды (арасында блокадачылар жана концлагерлердин туткундары бар). Алардын ичинен сегизөө согуштун түздөн-түз катышуучулары. Ал эми Бишкек шаарында 3 гана адам калды.

