Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, 2022-жылдан 2024-жылга чейин фонддун кызмат адамдары жеке компаниялардын катышуусу менен туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.
Аныкталгандай, туризм тармагын өнүктүрүү шылтоосу менен консультациялык кызмат көрсөтүүгө жана ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга мамлекет үчүн пайдасыз келишимдер түзүлгөн. Бул долбоорлордун басымдуу бөлүгү иш жүзүндө аткарылган эмес.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 90 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, ишке тиешеси бар бардык адамдар жана окуянын жагдайлары такталууда.

