Баткен шаарынан айдоочу жөө адамды койдуруп кетти. Сокку катуу болгондуктан жаран кырсык катталган жерден жан берген. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-апрелде, болжол менен саат 05:40 чамасында, Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынан айдоочу 1982- жылы туулган Т.А. аттуу жаранды койдуруп кеткен.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Араван районунун 1987-жылы туулган Э.К. аттуу тургун кармалган.
Учурда аталган маселе боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.