Баткен облусунун Лейлек районунун Жарандык актыларды каттоо мекемесинде (ЗАГС) узун кезек жаралды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун маалымдайт.
Анын айтымында, кезекке тургандар балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатышат. Арасында алыскы айылдардан келип, бир нече күндөн бери кезегин күткөндөр да бар. Мекеме кызматкерлери өтө жай иштеп жаткандыгына арызданышат.