19:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз базарларын жана боорсокту жактырган америкалык мугалим Фиби Хьюз

Фиби Хьюстун архивинен
Фото Фиби Хьюстун архивинен . Бишкекке келген күн

Фиби Хьюз төрт ай мурда Кыргызстанга келип, Сокулук районуна караштуу айылдардын биринде иштеп баштады. Ал англис тилинен сабак берет.

Айыл мугалимдери жана окуучулар менен тез тил табышып кеткенин «24.kg» агенттигине айтып берди

— Фиби орус тилин абдан жакшы билет экенсиз. Кайсы жерден үйрөндүңүз?

— Мен Мэн штатындагы Комби коллежинде окуганмын. Ал жерде орус тил сабагы болуп, мага жакты. Тилди үйрөнүү үчүн андан кийин Россияга келип, жарым жыл Иркутск шаарында жашадым. Мага ошондон кийин тилди гана эмес, башка маданиятты дагы билүү жагып калды. АКШда Тынчтык корпусуна кошулуп, Кыргызстанга келдим. Орус тилдүү өлкө болгондуктан тил жагынан кыйынчылыктар жаралбастыгын билгенмин. Ойлогондой эле өтө татаал болгон жок. Бат көнүшүп кеттим.

— Жергиликтүү мектепте окуучулар менен кандай кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр бар?

— Мектепте ар кандай окуучулар окушат. Бирөөсү сабакка кызыгат, бирөөсү такыр окугусу келбейт. Мага окуучулардын үй тапшырмасын аткарып келбегендиги таң калыштуу болду. Айрымдар такыр эле жасагысы келбейт. Кээ бир класста бир да окуучу тапшырманы аткарган эмес болуп чыгат. Мындай шартта аларга бирдеме үйрөтүү кыйын. Себеби, класста өткөн теманы канчалык түшүнгөнүн биле албайсың. Бирок, менин аракеттерим жыйынтык берип жатат. Акырындап, үй тапшырмаларын аткарган балдардын саны көбөйүүдө.

Мен 7-10-класска чейинки балдарга сабак берем. Кээ бир класстардын китептери өтө эски, көнүгүүлөр кызыксык болгондуктан, окуучулар англис тилин өздөштүрө албай, таштап коюшат. Мындан улам, балдар англис тилин өтө начар билет.

Сабактан сырткары, студенттерге курстан бар. Азыр кесиптешим менен бирге айыл айымдарына атайын курс ачканы жатабыз.

— Айылда жашасаңыз улуттук тамак-ашты да жакшы билип калсаңыз керек?

— Улуттук тамак-аштан мага боорсок, лагман жагат. Буларды өзүм жасаганга үйрөнүп жатам. Анткени, АКШга барганда сагынсам жасап жейм. Көп тамактар эт менен жасалат экен. Мен этти аз жегендиктен, өтө майлуу эт кошулгандардан даам сыза албайм.

— Бишкек шаарынын кайсы жерлери жакты?

— Бишкекти көп деле кыдыра элекмин. Бир кофейня жакты. Андан тышкары, Ала-Тоо аянтында сейилдеп баскан жагат. Өзгөчө кышында аянтты абдан кооз кылып жасашты.

Бишкектеги базарлар дагы жагат. Кийим кечек, азык-түлүктүн түрү бар. Сатуучулар абдан кичи-пейил, товарын сунуштап, тез эле сүйлөшүп кетет. Базарда ары-бери тынбаган арабачылар да кызыктуу. Кыскасы базарлар — Азиянын жүзү. АКШга кайтканда ушу базарларды дагы сагынам го деп ойлойм.

Негизи мен Бишкекти Чикаго шаарына окшоттум. Анткени соода түйүндөр, мекемелер, кофе-ресторан, көчөлөр дайым кыймылда болуп, эл кирип чыгып турат экен.

Фиби Хьюстун архивинен
Фото Фиби Хьюстун архивинен . Тойдо

Эң көп окулган жаңылыктар