Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясына жаңы депутат келди. Марлен Маматалиев бүгүн жалпы отурум алдында ант берди.
Ал мурдакы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.
Эскерте кетсек, фракциянын депутаты Фархад Иминов жакында эле мандатынан баш тарткан.
Ал эми партиянын мурдакы талапкерлердин бири Болот Дыйканбаев аны жасалма арыз менен тизмеден чыгарышканын, бошогон мандат ага тийиштүү экендигин билдирип, укук коргоо органдарына кайрылды.