Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, айлыгынан улуттук пенсиялык тутумга чегерүүлөр кармалып турган Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышат. Бул тууралуу «Биринчи радио» угуусунда Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, Түштүк Кореянын пенсиялык кызматы менен тиешелүү меморандумга 2015-жылы кол коюлган.
«Бул документтин негизинде 107 адам бир жолку төлөмдөрдү алышты, алардын орточо суммасы 3,8 миң долларды түзөт. Бир шарты бар: Кореядан чыгып кеткен эмгек мигранты төлөмдү алуу үчүн беш жылдын ичинде кайрылууга укуктуу. Негизги сумма жана ага кошулган инвестициялык киреше жарандардын жеке банктык эсебине которуу жолу менен төлөнөт, ал эми Соцфонд документтерди топтоого гана көмөк көрсөтөт», — деди Жеңишбек Мукамбетов.
Анын берген маалыматына караганда, Кореяда 12 миңге чукул кыргызстандык эмгектенет.
Ал кошумчалагандай, ЕАЭБ алкагында 2021-жылдын 1-январынан тарта беш өлкөнүн жарандарын пенсия менен камсыздоо да келишим аркылуу жөнгө салынып келет.
«Мисалы, эгер КР жараны РФда иштеп, 2021-жылдан бери чегерүүлөрдү жасап, андан соң жумушун бүтүрүп мекенине кайтса, ал КР Соцфондуна кайрылууга укуктуу. Биз РФдагы кесиптештерге сурам жөнөтөбүз, алар маалыматтарды текшерип, өз мыйзамдарына ылайык пенсияга болгон укукту аныкташат. Мындай укук болгон учурда камсыздандыруу бөлүгү эсептелип, чейрек сайын жарандын Кыргызстандагы эсебине которулуп турат. ЕАЭБдин башка мамлекеттери менен да ушундай эле өз ара аракеттенүү бар», — деп белгиледи Жеңишбек Мукамбетов.
Келишимдин алкагында, анын маалыматы боюнча, 174 жаранга пенсия дайындалган. Алардын ичинен:
- 156сы — РФ жарандарына;
- 15и — Казакстан жарандарына;
- 3ү — Беларусь жарандарына.
Мындан тышкары, социалдык камсыздоо боюнча келишим Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосунда да кол коюлган.

