Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусунун Ноокат районундагы «Беш-Бурхан» көмүр шахтасына барып, өндүрүш иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кендин жалпы көмүр запасы 42 млн тоннадан ашат. Долбоорго 25 млн доллар инвестиция тартылып, учурда шахтанын инфратүзүмү жана техникалык базасы кеңейтилүүдө.
Техникалык долбоор боюнча келечекте жылына 900 миң тоннага чейин көмүр казуу пландалууда. Долбоор толук ишке кирсе, 80 жаңы жумуш орду түзүлөт.
«Ички ресурстарды натыйжалуу пайдалануу — мамлекеттин стратегиялык артыкчылыгы. «Беш-Бурхан» долбоору өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун чыңдоого олуттуу салым кошот», — деп билдирди Таалайбек Ибраев.
Министр Таалайбек Ибраев көмүр тармагын өнүктүрүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

