11:55
USD 87.45
EUR 101.64
RUB 1.21

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Максат Алымбеков ант берди

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Максат Алымбеков бүгүн, 20-майдагы парламенттин жыйынында ант берди.

Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн шайлоого № 20 көп мандаттуу шайлоо округунан катышкан.

Видеодон скриншот
Фото Видеодон скриншот. Максат Алымбеков

Борбордук шайлоо комиссиясы Темирлан Айтиев өз каалоосу менен мандатын тапшыргандан кийин, Алымбековду депутат кылып каттаган.

Максат Алымбеков Бишкек шаардык кеңешинин 28чи жана 29-чакырылыштарынын депутаты, ошондой эле «Ынтымак» фракциясынын лидери болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар