Жаңы окуу жылында 3- жана 8-класстын окуучулары 12 жылдык окуу тутумуна өтүшөт. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте ата-энелер менен жолуккан учурда билдирди.
Ал 2025/26-окуу жылында биринчилерден болуп 1-, 2-, 5- жана 7-класстар жаңы программа менен окуй баштаганын эске салды. Алар үчүн жыл ичинде айрым предметтер боюнча окуу китептери жаңыланып турган.
«12 жылдык моделге өтүүнүн негизги себептери — мектептеги билим берүү тутумунун мазмунун жаңыртуу, эл аралык билим берүү тутуму менен интеграциялануу, жогорку класстын окуучуларынын кызыгууларына жараша профилдик билим берүүнү киргизүү, ошондой эле 6 жаштагы балдарды мектепке чейинки даярдоо менен камсыз кылуу жана бирдей шарттарды түзүү болуп саналат», — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Министр реформаны ишке ашырууда белгилүү бир кыйынчылыктар бар экенин моюнга алып, ата-энелерди агрессиясыз, конструктивдүү сын-пикирлерди айтууга чакырды.

