19:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Кумтөрдүн» жылдык төлөмдөрү 269,731 миллион доллардан ашты

«Кумтөрдүн» жылдык төлөмдөрү 269,731 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу ишкананын төртүнчү чейрек жана 2017-жылдын жыйынтыктарында айтылат.

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр

2017-жылы «Кумтөр» кенинде 562 749 унция 1 же 17 503,46 кг алтын өндүрүлдү. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 550 134 унцияны же 17 111,09 кг алтынды, сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 685,2 млн долларды түздү.

Кумтөрдүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири:

● «Кумтөрдүн» өлкө ИДПсындагы 2017-жылдагы үлүшү 9,7%;

● «Кумтөрдүн» өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 21,1%.

Кыргызстандын аймагындагы төлөмдөр

2017-жылы төлөмдөр (салыктар, аффинаж акысы, товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөр, инфраструктура төлөмдөрү, кайрымдуулук ж.б.) 269,731 млн АКШ доллардан ашты. Компания иштеген 1994-2017-жылдар аралыгында Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр 3 миллиард 472 миллион АКШ доллардан ашкан.

2018-жылга прогноз

Кумтөр ишканасында 2018-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 450-500 миӊдей унция же 14,15-15,55 т болмокчу. Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор ар бир сатылган унциясына 733-815 доллар өлчөмүндө күтүлүүдө. Кумтөрдө 2018-жылы жалпы капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерин кошпогондо) 63 млн доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Негизги фондуларды колдоого 49 млн доллар көлөмүндөгү чыгымдар негизинен оор тоо-кен техникасыннын капиталдык ремонту жана алмаштыруу менен байланышкан (42 млн доллар). Кумтөрдөгү өнүктүрүүгө инвестициялар 2018-жылы 14 млн доллар суммасында пландалууда жана көбүнчөсү калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын курулушу менен байланышкан (9 млн доллар). 2018-жылы карьерди иштетүүдөгү кыртыш ачуу иштерине капиталдаштырылган жумшоолордун акчалай курамы 2018-жылы жалпысынан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга бөлүнгөн 168 млн доллардын ичинен 122 млн доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

«Центерра Голд» компаниясынын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри төмөнкүнү белгиледи: «Мен сатып өткөрүлгөн продукциянын 1 унциясына кайра эсептегенде жана коштоочу продуктыны эсепке алуу менен унциясына 688 доллар көлөмүндө жалпысынан 785 316 унция көлөмүндөгү алтын өндүрүү боюнча пландык тапшырманы аткаргандыгыбыз жөнүндө билдирүүгө кубанычтамын, бул 2017-жылга алдын-ала каралган пландаштырылган минимумдан төмөн. Бул «Кумтөр» негизги фондуларды кармап турууга пландаштырылган минимумдан төмөн жалпы чыгымдарда алтын өндүрүү боюнча пландуу көрсөткүчтү ашыра аткарган дагы бир йигиликтүү жыл болду. Мисалы, 2017-жылы ал сатып өткөрүлгөн продукциянын 1 унциясына кайра эсептегенде жана коштоочу продуктыны эсепке алуу менен унциясына 698 доллар көлөмүндө жалпысынан 562 749 унция алтын өндүргөн».

1 — Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.

2 — Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума