16:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзгөндө тамактан уулангандардын саны өстү

Ош облусунун Өзгөн районунда тамактан ууланган жарандардын саны он жетиге жетти. Алардын алтоо балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабырланган 5 бала Ош облустук ооруканасына которулган. Үчөөнүн абалы оор болгондуктан кайра жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө кармалууда. Экөөнүн абалы туруктуу жана алар жугушту оорулар бөлүмүндө кармалууда.

Өзгөн аймактык ооруканасында 12 бейтап дарыланууда. Алардын бири кайра жандандыруу бөлүмүндө. Абалы оор бойдон калууда.

Учурда керектүү болгон бардык анализдер алынып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар