14:02
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ошто 14 киши ууланды

Ош облусунун Өзгөн шаарынан 14 киши тамакка ууланды. Алардын ичинен төртөө балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 12-мартта тогуз адам медициналык жардам сурап кайрылса, бүгүн ооруканага беш киши жаткырылды. Учурда алардын үчөөнүн абалы оор, бирөө кайра жандандыруу бөлүмүндө кармалууда.

Маалыматка ылайык, алар консерваланган салатка ууланган. Учурда эпидемиологиялык изилдөө жүрүп жатат.

Буга чейин кара-Суу райондук ооруканасына ботулизм боюнча 17 адам кайрылып, алардын арасынан эки бала көз жумган.

Эң көп окулган жаңылыктар